Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстанга иш сапар менен барат

14.04.2024 13:32
169
КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Өзбекстанга иш сапар менен барат


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен барат. Ал 14-15-апрель күндөрү «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» Стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышмакчы. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар.

Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Биринчи саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карашат.

Иш сапардын алкагында Кулубаев бир катар Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларын өткөрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн