Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

КР күч органдары тарабынан эл аралык баңги синдикатынын мүчөсү кармалды (видео)

06.07.2023 17:02
358
КР күч органдары тарабынан эл аралык баңги синдикатынын мүчөсү кармалды (видео)


Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен  биргеликте 2001-жылы туулган О.Э. аттуу жарандан болжолуу салмактагы 6 кг.«мефедрон» психотроптук затты алышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, кармалган жарандан КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкеринин жасалма документи алынган.

Аталган факты боюнча КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, кылмыштуу ниетти ишке ашырууда жана жогоруда аталган психотроптук затты сатууда О.Э. жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн болмок. Мефедрон психотроптук затынын 40 000 ашуун бир дозасы өлкө боюнча жайылышына бөгөт коюлган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн