Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

КР өкмөтү жардам берүүнү каалаган эл аралык уюмдар менен сүйлөштү

20.03.2020 18:30
1046
КР өкмөтү жардам берүүнү каалаган эл аралык уюмдар менен сүйлөштү


Өкмөт мүчөлөрү өлкөдө аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев белгилегендей, учурда дүйнө абдан экономикалык жоготууларга учурап, көптөгөн мамлекеттер колдоого муктаж болуп турат. "Биз барынан биринчи  финансылык каражаттарды жумшай турган артыкчылыктуу багыттар боюнча иштердин схемасын аныктадык. Эл аралык донорлордун жардамысыз бул кырдаалдан чыгуубуз оор болчудай», - деди вице-премьер-министр.


Анын айтуусунда, иш төрт багытта жүргүзүлөт:

Биринчи - бул бюджеттин киреше бөлүгүндөгү маселе жана тышкы карызды реструктуризациялоо;

Экинчи - саламаттык сактоо линиясы боюнча жардам;

Үчүнчүсү - алгылыктуу жеңилдетилген шарттарды сунуштоо аркылуу бизнести колдоо;

Эң башкысы - азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. 


«Өлкөдө жана дүйнөдө түзүлгөн кырдаалды эске алганда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси – биз үчүн маанилүү багыттардын бири», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр


Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү КР өкмөтү менен кызматташууга даярдык билдиришти. 


Өкмөттүн сунушу менен ачык-айкын иштөө үчүн ар бир багыт боюнча мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын мүчөлөрүнүн катышуусунда жумушчу топтор түзүлөт.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гулназ
Муктаж адамдар кантип жардам алса болот кыйналып жатабыз ошол учун кайрылып жазып аткам
Бегимай Джумабекова
Жакшы