Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

КРда кызыл дипломдуу жарандарды мамкызматтын кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталууда

16.11.2023 12:41
224
КРда кызыл дипломдуу жарандарды мамкызматтын кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен аяктаган жарандарга өзгөчө артыкчылыктары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштап жатат.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ошентип, депутат жаш адистердин билим алуусуна шарт түзүү жана кадрлардын өлкөдөн кетишин болтурбоону сунуштайт.

Белгиленгендей, жогорку билим алышкан жаш адистер көпчүлүк учурларда өлкөбүздө мамлекеттик кызматта өз мансабын кура аларына үмүт кылбай, башка өлкөлөрдөн татыктуу иш орун табуу максатында республиикабыздан кетип жатышат, себеби алар ийгиликтүү мансапты камсыз кылууга тааныштар чечүүчү роль ойноп кетет деп эсептешет.

Айрым учурларда, чынында эле, ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган жаш адистер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүүгө бардык жол-жоболордон өтүүдө субъективдүү мүнөздөгү көйгөйлөргө кабылышат. Тактап айтканда, талапкерлерди тандоодо анын кызыл дипломуна карабай, башка адис тандалып калат.

Ошентип, жаш жарандарыбыздын кесипкөй сапаттары боюнча адилеттүү дайындалышына болгон ишеними жоголот да, келечегин татыктуу баалай турган чет өлкөлөрдөн издөөгө мажбур болушат. Ошондуктан жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен аяктаган жарандарга өзгөчө артыкчылыктары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштап жатабыз.

Алсак, киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, жогорку кесиптик билимди артыкчылык менен аяктаган жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталып жатат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына өтүүдө талапкерлерди тандоодо артыкчылыктуу абалга ээ болот.

“Мындай шарттар өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн билим алууда мыкты көрсөткүчтөргө жетүүгө умтулуусуна стимул түзүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык дарамети жакшырат жана кандайдыр бир деңгээлде жаш адистердин өлкөдөн чыгып кетиши токтотулат деп болжолдойбуз”, - деп айтылат документте.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн