Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

КРнын эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жаш курагында дүйнө салды

10.11.2023 10:38
2342
КРнын эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жаш курагында дүйнө салды


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Абдубачаева Райма Исмаилбековна 1948-жылы 13- августта Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Исмаилбек Абдубачаев Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкова.

Ата-энесинен таасирленген Райма Абдубачаева 7 жашында (1955-1967-ж.ж.) Кыргыз драм театрына кирип, жаш жеткинчектердин образдарын жарата баштаган. Ошол себептен аны театралдык амплуасын - “травести”, балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыздардын да, балдардын да ролдорун, ошондой эле эркектин костюмун кийүүнү талап кылган ролдорду ойногон актриса деп аныкташкан.

Кийинчерээк балдардын ролу менен чектелбестен чал, кемпир, келин, энелердин образдарын аткарып келген.

Актрисалык менен чектелбестен 1967-1971-жылдары Москвадагы Мамлекеттик Маданият институттун режиссердук бөлүмүн аяктаган. 1972-1985-жылдары Ош драма театрында актриса болуп, 1985-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.

1963-жылы Москва шаарында өткөн декадага Академиялык драма театры менен барып Б.Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинде - Жеңишбекти, Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолунда" - Жанболотту ойноп, күйөрмандардын арзуусуна айланган.

1978-жылы Москвага Ош облустук драма театрынын отчеттук гастролу менен барып, Ч.Айтматовдун "Ак кеме" спектаклинде Нургазынын образын жаратып, мыкты аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак Грамотсы менен сыйланган.

Ош облустук драма театрынын Москва шаарында өткөн отчеттук гастролунан кийин 1985-жылы XII Бүткүл дүйнөнүн театралдык фестивалында жана Тбилиси шаарында өткөн драма театрлардын фестивалында Ч.Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" спектакли менен катышкан. Ошол фестивалдарда Кирисктин образын мыкты жараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардак наам ыйгарылган.

Жарым кылым театрга арнаган өмүрүндө ар түрдүү образдарды жараткан: В.Шекспир "Гамлет" -Озрик, "Ричард III" -Принц Уелңский, М.Горңкий "На дне" - Анна, Т.Абдумомунов "Алдар көсөө" - Чатек (Чалдын образы), В.Шекспир "Антоний менен Клеопатра" - Ирада (Служанка), Н.Думбадзе "Кам санаба апаке" - Мзия ж.б.

Малданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Райма Абдубачаеванын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн