Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

КРнын кайсы экс-президенттерине кылмыш иши козголгон? Башкы прокурордун жообу

31.01.2024 14:41
211
КРнын кайсы экс-президенттерине кылмыш иши козголгон? Башкы прокурордун жообу


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын кайсы экс-президенттерине кылмыш иши козголгонун айтып берди.


Анын айтымында, Курманбек Бакиевге бир нече кылмыш иши козголгон. Соттун чечимдери бар.


«Кумтөр боюнча иш Аскар Акаевге козголгон. Кумтөр мамлекетке кайтарылганда күнөөсүн далилдей албагандыктан иш кыскартылган», - деди Зулушев.


Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге карата соттордо каралып жаткан 9 кылмыш иши бар. «Ал оорудан улам башка өлкөдө. Ал кайтып келгенден кийин иш улантылат», - деди башкы прокурор.


Маалымат үчүн:

Аскар Акаев 1991-2005-жылдары президент болуп иштеген.

Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары президент болгон.

Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдары президент болуп иштеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн