Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев облусту кыдырып чыкты. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Эрлан Сапарбаев иш сапарын Кызыл-Кыя шаарынан баштады. Алгач темир жолдун абалы менен таанышып, андан ары "Кызыл-Кыя Машина Куруу Заводу" Акционердик коомуна барды. Аталган мекеме бүгүнкү күндө элге керектелүүчү ассортименттеги буюдарды чыгарууда. Чыгарылган жабдуулар сыртка да экспорттолууда.
Сапарбаев "Кадамжай Сурьма Комбинатына" барып, комбинатты крисизтик абалдан чыгарууну талкуулады.
Иш сапарынын соңунда өкүлдүн орун басары Кадамжайда курула турган логистикалык борбордун абалы менен таанышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн