Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер М.Бостонкуловго президент материалдык жардам көрсөттү

24.09.2020 14:14
929
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер М.Бостонкуловго президент материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Маматибраим Бостонкуловго материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, министр Азамат Жаманкулов жана Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор-мелодист, акын, жазуучу жана драматург Маматибраим Бостонкуловдон кабар алды. Буга чейин инсульт алып, ооруканада жаткандыгы маалым болгон.

Жолугушуу учурунда Маматибраим Бостонкуловго ден-соолугун чыңдоо үчүн президенттин атынан материалдык жардам тапшырылды.

Бостонкулов Маматибраим 1954-жылы туулган. 1987-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Ал чыгармачылык ишин 1968-жылы баштаган. Чыгармачылык жолунда балдар үчүн алтымышка жакын обондуу чыгармаларды, фортепианолук, хордук чыгармалары болуп эки жүзгө жакын обондорду жаратып, ноталуу бир катар китептердин автору болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн