Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

КСДП партиясынын экс-депутаты инвесторду алдап 7 млн сомун алган

25.08.2021 09:48
761
КСДП партиясынын экс-депутаты инвесторду алдап 7 млн сомун алган


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты “Ж.С.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Экс-депутат "Ж.С.", 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн.


Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган экс-депутат "Ж.С." 2021-жылдын 18-октябрына чейин КР УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.


Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун "Менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн инвесторлорду коргоо, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн