Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

КТРК 176 миңге чагылдырбай койду, - Акаев (видео)

10.06.2020 16:58
1130
КТРК 176 миңге чагылдырбай койду, - Акаев (видео)


КТРК 176 миң алып партиялардын биригүүсүн чагылдырбай койду. Бул тууралуу 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатканда депутат Жанар Акаев айтты.


Анын билдиргенине карганда, КТРК азыркы учурда бир тараптуу иштөөдө.

 

“Эң башкысы телеканалды эркин, адилеттү жана калыс кыла алдыңарбы? Андай кыла алган жоксуңар. Чынын айтыш керек КТРКны силер коомдук канал кыла алган жоксуңар. Элдин баарында смартфондор бар, КТРКга муктаждык жок.


Жакында саясий альянс түзүлүп үч мүнөттүк видеону чагылдырып бергиле деп КТРКга 176 миң сом төлөндү. Бирок кайра кечинде көрсөтө албайбыз деп койдуңар. Борбордук шайлоо комитетинен эч кандай чектөө жок экенин билдирип, көрсөтүшү керек эле деди. Мындан ары башка партиялардын, саясий биригүүлөрдүн бир жаңылыгын көрсөтө турган болсоңор баарыңар отставкага кетишиңер керек. Мен мына ушуну талап кылам. Биз силерди айнектерди оңдоп берсин деп эмес, калыс адилеттүү, бейтараптуу болсун деп алып келгенбиз", - деди Акаев.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн