Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

КТРКда клипти эфирге берүү үчүн жең ичинен акча алган көрүнүштү жойдук, - Айбек Карымов

10.06.2020 17:36
1531
КТРКда клипти эфирге берүү үчүн жең ичинен акча алган көрүнүштү жойдук, - Айбек Карымов


Мурда КТРКдан бир клипти эфирге берүү үчүн ырчылар эбегейсиз чоң көлөмдөгү акчаларды беришчү. Бул тууралуу КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү, ырчы Айбек Карымов бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


Карымовдун айтымында, жаңы жылдык жана майрамдык көрсөтүүлөргө катышууга ич ара акча чогултулчу.  Музыкалык каналга бир клип чыгартууга, ошондой эле ар кандай видеолорду эфирге берүүдө чыгармачыл адамдар жең ичинен акча сунуштап келишкен.


Азыр ушуга окшогон коррупциялык элементтерди жок кылууга аракет кылып, жең ичинен акча берип жумуш бүтүрүүгө каршы туруп жатабыз, деди Карымов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алтынай Наматова
Эн туура кошулам мен туура айтасыз