Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

КТРКнын Байкоочу кеңеши Нургазы Анаркуловдун аудио жазуусу боюнча билдирүү таратты

28.02.2021 18:26
800
КТРКнын Байкоочу кеңеши Нургазы Анаркуловдун аудио жазуусу боюнча билдирүү таратты

КТРКнын Байкоочу кеңеши Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркуловдун белгисиз адам менен болгон аудио жазуусу боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Айбек Карымов  билдирди.


Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊешинин билдирүүсү

 

Кыргызстандын интернет айдыңында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловдун үнүнө окшош аудио жазуу тарап жатат. Ал аудио жазууда, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊешинин төрагасы Кубат Болоткановго 23 000 доллар жана Байкоочу кеӊештин 15 мүчөсүнө 3000 доллардан акча берилгендиги тууралуу сөздөр камтылган.

Бул аудио жазууну угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊеши төмөнкүлөрдү билдирет. 

Биринчиден, аудио жазмадагы үн, Нургазы Анаркуловдун өзүнө таандык үнү экендигине байланыштуу эч бир лингвистикалык жана соттук экспертизанын аныктамасы жок экенин эске алуу керек. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, аудио жазмадагы сүйлөшүүдө экинчи тараптын үнү атайылап өчүрүлгөндүгүн байкоого болот жана аудио жазмада айтылгандай Байкоочу кеӊеш 15 мүчөсү жана төрагасы менен 16 адам эмес, төрага менен 15 адамдан турат.  

Экинчиден бул аудио жазуу тарагандан кийин Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешине жана анын мүчөлөрүнүн дарегине ар түрдүү жагымсыз сөздөр айтылууда. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү акчалай сыйлык алгандыгы тууралуу бир дагы факты жок. Мындан мурда мындай арыз менен эч ким кайрылган эмес. Ошондуктан социалдык түйүнгө пикир жазып, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн аброюна шек келтиргенден мурда, бул аудио жазууда айтылган сөздөр канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигине көңүл бурушубуз керек.

Коомдук талкууга жем таштаган бул аудиого байланыштуу буга чейин КТРКнын ичинде жана Байкоочу кеӊештин айланасында пара алуу же берүү фактылары катталбагандыгын билдирет. Ошол эле кезде жалган маалыматтардын коомдук резонанска айланып кетпөөсүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊеши укук коргоо органдарына кат түрүндө кайрылат жана акыркы бүтүм текшерүүнүн жыйынтыгы менен чыгарылышы керек деп эсептейт. 

Ал эми КТРКнын менеджментине Байкоочу Кенеш тарабынан аудио жазуу боюнча өз алдынча кызматтык жана журналисттик иликтөө жүргүзүүгө тапшырма берилет. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканча КТРК жана Байкоочу кеӊештин аброюна шек келтирбей турууӊуздарды суранабыз. Айрыкча баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеӊешинин эч бир мүчөсүнүн бул ишке эч кандай тиешеси жок жана эч бир мүчөсү акчалай сыйлык алган эмес деп так кесе белгилейбиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн