КТРКнын эки кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу 22-июнда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, КТРКнын имараты дезинфекцияланат.
«Уюмду карантинге жабууга буйрук чыгарылды. Дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
22-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 3 356 учур болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн