23-ноябрда жарандар
менен өткөзүлүп келген жолугушуулардын графигине ылайык, алдын ала жазылуу аркылуу
УКМК төрагасы, генерал-майор К.Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына видео
кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы М.Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койду.
Өз кезегинде К.Ташиев УКМК саясаттын тышкары деп баса белгилеп, саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн