Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-сентябрдагы жыйналышында “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен эки адамды чыгарды.
БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, тизмеден Тайчабаров Кудрет Марипович жана Алмазбек Сатиевич Токторов чыгарылды.
Мындай чечим талапкерлерден келип түшкөн арыздардын негизинде кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн