Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кабинет чыры: Өмүрбек Бакиров 7-кабатта өзүнүн бөлмөсүндө калмай болду

01.12.2022 20:03
657
Кабинет чыры: Өмүрбек Бакиров 7-кабатта өзүнүн бөлмөсүндө калмай болду

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду 705-кабинетинде калтыруу боюнча депутаттык комиссия чечим чыгарган. Ошондой эле депутаттын кабинетинен чыгаруу чечимин кабыл алган президенттин иш башкармалыгынын башчысынын  орун басары Элмира Усенованы кызматтан алууну  сунуштады.


Комиссия аны кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, бир катар мыйзамдарды, тактап айтканда, депутаттын кол тийбестигин бузган деп тапты.


Депутаттык комиссиянын башчысы Гуля Кожокулованын айтымында, депутат менен анын жардамчысы жок болгон учурда кабинеттин эшиги талкаланып, расмий документтер, анын ичинде депутатка тиешелүү жашыруун  документтер да  чогултулган. Буга байланыштуу депутат Бакиров прокуратурага арыз жазган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн