Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кабулда Кыргызстандын экономика министри менен Афганистандын ТИМ башчысы жолугушту

25.01.2024 13:00
705
Кабулда Кыргызстандын экономика министри менен Афганистандын ТИМ башчысы жолугушту


Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматынан билдиришти. 

Тараптардын жолугушуусу 25-январда Афганистандын борбору Кабул шаарында өткөн. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды.

Афганистандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним артышты.

Соңунда министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн