Афганистандын Кабул шаарындагы мечитте жума намаз учурунда жардыруу орун алып, имам баш болгон 4 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Буга чейин Tolo News каналы саламаттыкты сактоо министрлигине көрсөтмө берүү менен Шер Шах Сури мечиттиндеги жардыруудан 1 адам көз жумуп, алты киши жаракат алганын айткан.
Соңку маалыматтар боюнча, жума намаз учрунда өз алдынча колго жасалган жарылуучу зат атылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн