Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Качан оңолобуз? Качан адам болобуз?

10.03.2020 17:59
1191
Качан оңолобуз? Качан адам болобуз?


Баардык митинг-пикеттерге каршымын! Бирок мамлекет башындагылар дагы ойлонуп иш кылышы керек!

Биздин коом аял-эркек, динчил-динсиз, мусулман-тенирчи, түндүк-түштүк, гейлер-лезбилер, батышчыл-чыгышчыл, гуленжи-эрдоганчы, деги койчу, эмнелерге гана бөлүнүшпөйт!

Кана, каякта биздин улуттук идеологиябыз? Каякта биздин ынтымагыбыз? Каякта биздин биримдигибиз?

Биздин эртеңки муун эмне болот? Биздин келечек кандай болот?

Мамлекетибиздин абалы ушубу? Кана бизге акыл айта турчулар? Сакалчан молдолорбу, батыштын долларына сугарылган НПОлорбу же өзүн кудай сезген Арстан Алайбы? Айткылачы кимдер?

Чаржайыт мамлекет, ээнбаш жаштар, тарбиясыз, жатынын өзү билген эжелер, коррупцияга баткан "ШАБАШНИК" улуу муун, сабатсыз мамлекеттик кызматкерлер, бандиттен айырмасы жок укук коргоочулар, курсагы чоң, мээси жок депутаттар, аксаган максаты жок коом!

Деги койчу, айтсан жан дүйнөң кыйналат.

Качан биз оңолобуз? Качан БИР максаттын артынан жүгүрөбүз? Качан адам болобуз?


Жакшылык МАТАНОВ, жаш активист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн