Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Качанга чейин башкалардын "куурчагы" болуп жүрөбүз?

27.01.2021 21:19
855
Качанга чейин башкалардын "куурчагы" болуп жүрөбүз?



Ар бир мамлекеттин (улуттун) дүйнөдөгү процесстерге өздөрүнүн көз караштары (видение) болот. Батыштын, АКШ, Кытайдын же Орусиянын дүйнөнүн өнүгүүсүнө өздүк көз караштары бар. Ошол көз карашка ылайык алар өздөрүнүн геополитикалык стратегияларын иштеп чыгышкан. Жада калса, Кыргызстан боюнча да көз караштары бар – биз кандай нукта өнүгүшүбүз керек, же биз кандай мамлекет болушубуз керек.


Ал эми биздин, кыргыздын, көз карашы барбы?

Азырынча жок!


Жада калса, Орто-Азиянын алкагында биздин өздүк көз карашыбыз жок. Орто-Азия кандай өнүгүш керек, ресурстар кандай бөлүнүш керек, саясат жана экономикалык түзүлүш кандай болуш керек ж.б.у.с. Геостратегиялык ойлорубуз, максаттарыбыз, көз караштарыбыз жок. Тескерисинче, биз коңшу өлкөлөрдүн көз караштарынын алкагында жашап келе жатабыз. А балким, бизге гастарбайтерлик (адам ресурстук) жарды өлкө катары болгон ролду бөлүп коюшкан. Биз азыр ошол ролду ойноп жатабыз.  


Кыргыз бүгүн өзүнүн геостратегиялык “кыргыз көз карашы” доктринасын  иштеп чыгышы керек. 


“Кыргыз көз карашы” доктринасы - мамлекеттин ички жана дүйнөлүк процесстерине, түзүлүшүнө, өнүгүүсүнө болгон өздүк улуттук көз караш жана өздүк позициясы.


“Кыргыз көз карашы” – дүйнөдө кыргыздын ордун табуу, көрсөтүү жана ээрчиме саясаттан кескин түрдө баш тартуу.


“Кыргыз көз карашы» - кыргыз таасирин дүйнөдө жаратуу. 


Кыргыз таасири


Ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук амбициялары болот. Көбүнесе ал амбиция - дуйнөгө таасир этүү. Мисалы, АКШ дүйнөгө армия жана доллар аркылуу, араб өлкөлөрү нефть, Кытай өздүк эбегейсиз чоң рынок жана кредиттик система аркылуу дүйнөлүк же регионалдык масштабдарда дүйнөдө таасир этишет. Жада калса, боордош Түркия акыркы 10 жылда түндүк африка, ислам өлкөлөрүнө өзүнүн «TURK таасирин” гуманитардык, аскерий жана ивестициялар аркылуу жүргүзө баштады. Биздин региондо Орусиянын таасири күчтүү экенин баарыбыз билебиз.


Бул таасирлерди – улуттук амбиция деп түшүнөм.

Улуттук амбиция бар үчүн дүйнөгө таасир этүү максаты пайда болду.

Ал максат улуу ойлорду (идея) жана чоң адамдарды пайда кылды. 


Кыргыздын да амбициясы болушу керек!

Мамлекетибиз жаш же жарды болсо да, улутубуз күчтүү, рухубуз күчтүү. Биз дагы дүйнөгө таасир этүүнү көздөшүбүз керек. Биз дагы өзүбүздүн дүйнөлүк саясатыбызды, кызыкчылыгыбызды жүргүзүүнү көздөшүбүз керек. Жок дегенде бүгүн геостратегиялык фундаментти жарата башташыбыз керек. Урпактарга кыргыз көз карашын жаратып берсек, алар болсо кыргыз таасирин жаратышат.

Максат Чакиев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Жомок айтпачы