Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Качанкыга чейин жедирип коюп отура беребиз?

22.01.2021 09:41
518
Качанкыга чейин жедирип коюп отура беребиз?


"Коопсуз шаар" деген долбоордун түпкү максаты башка экенине эми ынанып отурабыз, чынбы? Бул эч кимдин коопсуздугуна деле жооп бере элек. Экинчиден, эч кимдин өмүрүн дагы сактаган жок. Тескерисинче жол кырсыктары көбөйдү. Тескерисинче мас абалындагы айдоочулар көбөйдү. Камераң жыт сезбейт экен да!  Мага ишенбесеңер статистиканы карагыла. Жаңы бийликтин кулагына күмүш сырга. Азырынча элибиз айып пул төлөөгө жөндөмдүү эмес. Себеби биз жумуш орундарын түзө албай жатабыз. Экинчиден жумуш орду болгон күндө дагы айлык-маяна прожитичный минимумда. Дегиле. Эл, төлөгөн салыктардан сырткары, айып пул төлөшү үчүн, айлык маяна жок дегенде күнүнө 15000 сомду түзүүсү керек! 


Элди эзгенди токтоткула айланайын өкмөт. Столбадагы камерасын чечип алып кете беришсинчи. Бутубуздан турганда чакырабыз. Отвечаю чакырабыз! Ага чейин каныбызды ичип бүттүңөр. Кан деле суюлуп, суу болуп калды...Кеткилечи бизден!


Эгер айып пулдун жок дегенде 50% мамлекеттин казынасына түшүп атса дагы бир жөн эле. Чет өлкөлүк аферистерди бага турган жайбы бул, Кыргызстан деген? Качанкыга чейин жедирип коюп карап отура беребиз?


Замир Казакбаев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн