Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:17
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Качып жүргөн Кашкар Жунушалиев кимден 300 миң сом өндүрдү?

24.04.2021 23:39
971
Качып жүргөн Кашкар Жунушалиев кимден 300 миң сом өндүрдү?


Өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү башаламандыкка себепчи болгон, Үмүтбектин өлүмүнө жана жүздөгөн жарандарыбызды жарадар кылып кеткен ИИМдин андагы башчысы Кашкар Жунушалиев издөөгө алынганы менен эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Кой-Таш окуясында да бейкүнөө жарандарды сабатып, жарадар кылганы боюнча сот отурумдарына келбей, “куйругун түйүп” жүргөнү белгилүү. Бул дүйнөдө зордук кылып, залакасын тийгизген адамдар акыры жазасын алышат. 


“Азия Ньюс” гезити башында эле көзачыктык кылыптыр. Биздин божомолдорубуз, сын-пикирлерибиз убагында бааланбаганы менен Кашкар Жунушалиевдин ким экенин мезгилдин өтүшү менен тастыктап берди. Каражолтой министр катары иштей албасын, элге кедери тийерин алгач эле ачыктаганбыз. “Кашаң кашкар”, “Кашкар крысабы?” деген макалаларда анын жүзүкаралыгы тастыкталган. Экс-министр ачык сындоого чычалап, “Азия Ньюс” гезитин жана башкы редакторубуз Асланбек Сартбаевди сотко берип, 10 миллион сом өндүрүп алууга киришкен болчу. Бир жарым жылдай соттошуп, акыры биз 300 миң сомго утулдук. Жогорку сотко чейин жарандык ишибиз каралган. Агездеги бийликтин соттору кыйла эле кысым кылганы эсибизден кетпейт. Алар: Т.Абдиева, Б.Толубаева, Н.Ильязова, Д.Молоев, К.Осмоналиев, Б.Батыралиев, К.Джунушпаев. Дал ушул аты аталгандар Октябрь районунан баштап, Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьялары. Бул фемида өкүлдөрү адилетсиз, мыйзамсыз чечимдерди чыгарышып, гезиттин ишин токтотууга кыйла аракет жасагандар. Акыры мындай соттор мүдүрүлөрү, убагы келгенде жаза алышарына ишеним күч. “Чапкан сайын көз чыкпайт” дегендей, кыянаттык, зулумдук кылгандардын тагдырлары жарга асылып келгенине күбө болуп атабыз.


Ошентип, Кашкар Жунушалиев качып кетсе да, жарым жылдай убакыттан бери сот аткаруучуларга жактоочусу аркылуу арыз жаздырып, “Азия Ньюс” гезитинен 300 миң сом өндүрүп алууга жетишти. Мындай аракет эркин басма сөздү муунтуу катары бааланат!


Жыйынтыгында, Кашкар Жунушалиев министр кезинде жазыксыз Үмүтбектин өлүмүнө, ошондой эле ондогон жарандарыбыздын майыптыгына себепчи болуп, акыры эл карай албай бекинип жүргөнүн кантип жашырабыз? Бийлик качан жазалайт?


Булак: “Азия Ньюс” гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн