Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Качкын президенттерди кайтарып келчү убакыт келдиби?

21.04.2021 10:41
822
Качкын президенттерди кайтарып келчү убакыт келдиби?


СССРдин «шинелинен» чыгып, өз алдынча көз карандысыз өлкө болгонубуздан бери канча президент мамлекет башына келсе, алардын баары тең эле бактылуу президент боло алышкан жок. Туңгуч ажо Аскар Акаев мамлекетти 15 жылга чукул башкарды. Илим-билимге сугарылган интеллигент адам. Адегендеги президенттик 4-5 жылдык ишмердүүлүгү бир топ жемиштүү болгон. Орто Азияда улуттук валютабызды биринчилерден болуп киргизгенге жетишкенбиз. Орто Азиядагы «Демократия аралчасы» атыкканбыз. «Экинчи Швейцария» болобуз деген аруу тилегибиз бар эле. Айтор, өтө чоң максаттар менен эгемендиктин алгачкы жылдарын баштаганбыз.


Тилекке каршы, андан кийинки кадамдар жакшы болбой калды. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп туруп эле укмуштуудай байыгандар ошол убактан башталды. «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдер ошол убакта түзүлүп калды. Үй-бүлөлүк, кландык бийлик түзүлдү. Карапайым элдин жашоосу менен бийликте тургандардын жашоосу таптакыр эки башка болду.


Натыйжада 2005-жылдын 24-мартындагы революция ишке ашты. Акаев тактыдан кулатылгандан кийин элде «Эми жакшы жашоо башталат» деген өтө чоң үмүт бар эле. Бирок, андай болбоду. Мурдагыдай эле бийликте туруп байыгандар дагы деле байыганын улантышты. Мурдагыдан да күчтүүрөөк үй-бүлөлүк авторитардык бийлик орноду. «Кумтөр» кени Кыргызстандын кызыкчылыгына эми чындап иштей баштайт деген элдин үмүтү дагы уурдалды. Тескерисинче 2009-жылы канадалыктарга дагы кошумча гектарлаган жер берилгенин билдик. Алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшү мурдагыдан да азайып кеткенин көрдүк. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек, Бакиевдин маалында экономикада кыйла жандануу пайда болгонун экономисттер айтып жүрүшөт. Бирок, электр энергиясынын эки эсе кымбатташы, уюлдук телефон байланыштарындагы кошумча 60 тыйындык төлөм, президенттин бир туугандарынын, уулдарынын бийликте таасирдүү фигураларга айланышы 2010-жылдагы апрель революциясынын жаралышына алып келди.


Ошентип эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы эки президенти качкын аталып, бири Россияда, экинчиси Белоруссияда баш калкалап жүрөт. Акаевдин качып кетип, мекенине кайтып келе албай жүргөнүнө 16 жылга аяк басты. Бакиевдин кеткенине 11 жыл толду. Аларды алып келип, жазага тартабыз деген аракеттерден майнап чыкпады.


Улам жылдардын алмашуусу менен «Балким качкын президенттердин мекенине кайтып келүүсүнө уруксат берет чыгарбыз» деген пикирлер жарала баштады. Буга башкы себеп, экөөнөн кийинки келген бийликтер деле элдин үмүтүн актап жибере албаганы болууда. Өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева кыска убакыт гана өлкөнү башкарды. Анын доорунда өлкөбүздүн түштүгүндө каргашалуу июнь коогалаңы болуп кетти. Андан кийин бийлик башына келген Алмазбек Атамбаевдин доорундагы коррупциялык иштер да ачыкка чыкты. «Кумтөр» кени ал убакта деле Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей албады. «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ айылына кулаган учактагы сырдуу жүктүн таржымалы табышмак боюнча калды. Бирок, ал авиакырсык Кыргызстандагы бийлик өзү контрабанда жолу менен товар ташып келгенин ачыкка чыгарды.


Сооронбай Жээнбековдун бийлиги үч жылга гана созулду. Тактыдан кулашынын башкы себеби – өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун ыпылас өтүп калганы болду.


Ошентип бүгүнкү күнгө чейин бийлик башында туруп кеткен беш президенттин тең атына түрдүү деңгээлде айтылган сын-пикирлер бар. Баарынын тең эле президенттик ишмердүүлүгүнө оң жана терс коюлган баалар бар. Болгон айырмасы экөө чет өлкөлөрдө качып жүрөт, бирөө камакта, экөө экс-президент статусуна ээ.


Ушундан улам балким Акаев менен Бакиевди да Кыргызстанга алып келип, ашкере жек көрүүчүлүк, бир беткей каралоого алдырбай, мыйзам алкагында жасаган аракеттерине терең анализ менен баа берсек кандай болот деген ой жаралат. Улам президенттерди кубалап кетирип, же камап сала берүү менен деле өлкөбүз өнүгүп кете албай турганына көзүбүз жетти. Балким, бири-бирибизди кечиришип, жеңилденип алып, анан баарын жаңы барактан баштасак туура болобу?...


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Анда калганына Кудай берип коет го, ойго келгенди кыла берсе болот турбайбы, кыйкырып-кыйкырып калышат экен да деп)))