Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

“Качкындар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр кирди

22.06.2020 18:19
806
“Качкындар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр кирди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Качкындар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Мыйзам 2020-жылдын 14-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты - мыйзам жоболорун Конституциянын 6-беренесине жана башпаанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоо жаатындагы ченемдик-укуктук актыларына шайкеш келтирүү, ошондой эле башпаанек издеп келген чет өлкөлүк жарандардын расмий өтүнүчтөрүн каттоого байланыштуу маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп саналат.  

Аталган мыйзамда чет өлкөлүк жарандарды каттоо функциясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга таандык болгондугуна байланыштуу, башпанек издеген жарандарды жана качкындарды каттоочу органдын аталышындагы «ички иштер органдарында» деген сөздөрдү «калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органында» деген сөздөргө алмаштыруу каралган.

Ошондой эле мыйзамда 4-берене 9-бөлүк менен толукталып, анда адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнүчтү каттоодон баш тартууга мүмкүн болгон учурлар үчүн негиздер белгиленген.

Алар:

— эгер адамга качкындар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мурда аны качкын деп таануудан баш тартылса, кайрадан ачылган же жаӊы жагдайлар жок болгон шартта;

— эгер адам Кыргызстандын аймагында жасаган оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;

— эгер адам мурда качкын статусуна ээ болсо жана өз ыктыяры менен Кыргызстандан туулган өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн