Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кадамжай: Көк-Талаа айылында ата-баланы атып өлтүрүшкөн

19.10.2022 11:35
1464
Кадамжай: Көк-Талаа айылында ата-баланы атып өлтүрүшкөн



2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын 61жаштагы тургуну Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Рны белгисиз жарандар белгисиз ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.Мди (аял киши) уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору К.Козубаев ыкчам тергөө тобу менен чыгып, окуяны тактаган.


Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйлөрүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, эс алып жаткан 61жаштагы Ш.Кны көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29жаштагы К.у.Рнын башына атып, 59жаштагы Ш.Мдин (аял кишинин) башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып окуя болгон жерден изин суутуп качып кеткен. Атылган октон жараат алган Ш.К.менен К. у. Р. Окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган Ш.М. Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.


Жогорудагы окуя Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп иликтөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн