Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кадамжай районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

01.09.2023 12:09
821
Кадамжай районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди


Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ачылышы болду. Билим уясы 275 орундуу. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы мектеп заман талабын ылайык курулган. Буга чейин аталган айылдын 600дөн ашуун окуучусу ашар жолу менен курулган эски мектептер билим алып келген.

Мектептин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Жетекчилер окуучуларды бүгүнкү Билим күнү менен куттуктап, мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жасалып жаткан иш аракеттердин баары балдардын жаркын келечегине багытталганын белгилеп, окууларына ийгилик каалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн