Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча элдик жыйын өткөрдү

10.02.2023 11:14
381
Кадамжай районунда милиция кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча элдик жыйын өткөрдү

Кадамжай районунда милиция кызматкерлери  жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу  Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык тескөчүлөрү  милициянын көчмө кабылдамасы менен  Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын кыдырып, Кара-Дөбө айылынын тургундары менен  жолугушуп,  элдик чогулуш өткөрүштү. Чогулушта кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо максатында  жакында катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы кайра кайталанбоосу, зордук-зомбулук фактылары болуп калса жашырбастан тиешелүү кызматтарга билдирүүсү жарандарга эскертилди.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасына Кара-Дөбө айлынын  12 жашоочусу кайрылып, өз ой-пикирлерин билдиришип,  жеринде  юридикалык кеңештерди алышты.


Ошону менен бирге Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы бөлүнгөн графиктин негизинде жарандар менен үзүлтүксүз  иш алып барууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн