Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кадамжай районунда жылдын мыкты аймактык бөлүмчөсү аныкталды

13.01.2022 09:34
1666
Кадамжай районунда жылдын мыкты аймактык бөлүмчөсү аныкталды

Кадамжай районунда жылдын мыкты аймактык бөлүмчөсү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө 2021-жылды жыйынтыктаган жыйналыш болуп өттү. Кадамжай район аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштери талкууланып, бир жылдык иштерине баа берилди.


Жыйынга Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев, Кадамжай РИИБнин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев жана айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты. 


Кадамжай район аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо, тартип менен мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөп, катталгын кылмыштарды өз учурунда бетин ачып ийгиликтерге жетишкен “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү “МЫКТЫ АЙЫЛДЫК МИЛИЦИЯ БӨЛҮМЧӨСҮ” деп табылды. 


Ал эми криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери, милициянын улук лейтенанты Алихан Нарынбаев, тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын лейтенанты Тыныбек Ирисов, Үч-Коргон АМБнүн милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын капитаны Гулмурза Кабылов, “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен АМБнүн балдар иштери боюнча улук участкалык инспектору, милициянын улук лейтенанты Умарбек Абдужалилов, нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор нөөмөтчүсү, милициянын капитаны Шайырбек Имамидинов, коомдук коопсуздук кызматынын коштомо күзөт тобунун коштомо күзөтчү милиционери, милициянын улук сержанты Ырысбай Акматбековтор өз кесибинин мыктысы болуп, сыйлыктарга жетишти.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн