Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кадамжайда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Иш сотко жөнөтүлдү

01.12.2022 18:24
739
Кадамжайда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Иш сотко жөнөтүлдү

4-сентябрда Кадамжай районунун Ноогардан айылындагы Ош-Баткен жолундагы көпүрөнүн астынан 14 жаштагы кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган.


Аталган иш боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Халмион айыл аймагынын 4 тургунун кылмышка шектүү катары кармаган. Кармалган жарандардын бири жашы жете элек атуул болгон.


Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш боюнча тергөө амалдары аяктап, Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлгөн. 

Соттук процесс качан өтөрү белгиленген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн