Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү: Президент иш боюнча тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алганын билдирди

06.09.2022 10:47
638
Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү: Президент иш боюнча тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алганын билдирди

Бүгүн, 6-сентябрда президент Садыр Жапаров Кадамжай районунда 14 жаштагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча пикирин билдирди.


Президент аталган окуя өз көзөмөлүнө алганын билдирип, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.


"Урматтуу мекендештер! 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти. 

Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл. 

Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан. 

Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес. 

Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда. 

Урматтуу агайын-туугандар! 

Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы. 

Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. 

Кадамжайда жасалган мыкаачылык - кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн