Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 16:58
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү: Төртүнчү шектүү кармалды

09.09.2022 22:51
520
Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмү: Төртүнчү шектүү кармалды

Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип төртүнчү жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган өспүрүм бала өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды.


Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.


Эскерте кетсек, Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип үч жигит кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн