Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн милицияга эч кандай тиешеси жок

06.09.2022 09:48
845
Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн  милицияга эч кандай тиешеси жок



Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелип кармалган жарандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иштин калыс тергелиши Баткен ОИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.    Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү тюнелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган К.А. жансыз денеси табылган. Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 


Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө.


"Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат. Баарыңыздардан бирден-бир сураныч. Такталган маалыматтарга гана комментарий жазсаңыздар. Айрымдар жарандар аталган кылмышты жасагандардын арасында милицияны кызматкери бар экен деп да жазып жатышат. Ыйгарым түрдө айтабыз. Кылмышка шектүү кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин Баткен ОИИБнын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды",- деп айтылат маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн