Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кадамжайда 30 батир жеке менчикке өтүп кеткени белгилүү болду

15.04.2021 10:41
1555
Кадамжайда 30 батир жеке менчикке өтүп кеткени белгилүү болду

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай шаарындагы “Кадамжай-Коммунальщик” мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 га түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Башкача айтканда, аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен. Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди. Андан сырткары, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн