Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кадамжайда 4 жылкыны аткезчилик менен Өзбекстанга өткөрүүгө аракет кылышкан

19.01.2022 12:42
593
Кадамжайда 4 жылкыны аткезчилик менен Өзбекстанга өткөрүүгө аракет кылышкан

Кадамжайда Өзбекстанга мыйзамсыз жылкы өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.


Ммилициянын маалыматына ылайык, Кадамжай РИИБнин Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери 18-январда Hyundai Porter үлгүсүндөгү эки унаада төрт баш жылкыны аткезчилик жолу менен Өзбекстанга өткөрүшүп жаткандар кармалган.


Аталган факты Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Кармалган жылкылар жана автоунаалар Кадамжай РИИБнин тергөөсүнө өткөрүлүп берилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн