Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:21
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кадамжайда аткезчилик жол менен керамикалык плиткаларды ташыгандар аныкталды (фото)

Кадамжайда аткезчилик жол  менен керамикалык плиткаларды ташыгандар аныкталды (фото)

Кадамжайда наркы 800 миң сомдон ашык болгон аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бүргөндү айылында Mersedes Benz Actros үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы наркы 838 миң 125 сом болгон 24 883 кг керамикалык плиткалар (кафель) табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн