Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кадамжайда калыбына келтирилген 6 көпүрөнү сел кайра жараксыз абалга келтирди

27.07.2020 09:17
1061
Кадамжайда калыбына келтирилген 6 көпүрөнү сел кайра жараксыз абалга келтирди

 

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда калыбына келтирилген 6 көпүрөнү сел кайра жараксыз абалга келтирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, саат 19:30 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, 24-июль күнү калыбына келтирилген 6 көпүрөнү кайра жараксыз абалга келтирген.


Жерине райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу, айыл аймактын өкүлдөрү чыгышкан. Кошумча маалымат берилери айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн