Кадамжай РИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен Кадамжай район аймагындагы жогорку класстын окуучуларына Марказ айылындагы аскер бөлүктө ачык эшик өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага А.Масалиев, Майдан айыл аймактарында жакгайкан орто мектептердин 10-11-классынын мектеп окуучулары катышып, жоокердин бир күндүк кызматы менен таанышты.
Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үйрөтүү, ошондой эле кылмыштуулуктан оолак кылуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн