Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кадамжайда милиция ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди

09.12.2021 10:27
536
Кадамжайда милиция ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди



Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында шаардын жашооуларына милиция кызматкерлери жыл ичинде аткарган иштери боюнча өздөрүнүн маалыматтарын берди.  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйынга Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кадырбек Салиев, Кадамжай РИИБнин начальниги милициянын майору Кожобек Козубаев, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кутпидин Шакировтор катышты. 


Бул жыйналышта эл милиция тууралуу ойлорун ачык айта алганга мүмкүнчүлүк алышты. Пульгон айылындагы такси паркты иретке келтирүү, Ош-Исфана автожолуна жол белгилерин орнотууну, спирт ичимдигин саткан дүкөндөргө чектөөлөрдү киргизүү боюнча ачык ойлорун айтышты. Бул көйгөйлүү маселелер талкууланып кээ бири жеринде чечилди. 


Милиция кызматкерлеринин калк арасында аткарган ишмердүүлүгүнө жакшы баа беришип, мамлекеттик кызмат көрсөткөн бирдиктүү терезе калктын маселесин чечүүдө бир топ жеңилдиктерди жараткандыгын белгилешти. Мындан сырткары алыскы аймактарга барып, элдин көйгөйлүү арыздарын кабыл алган милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүнө да ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйында негизинен Кадамжай РИИБнин аткарган иштерине эл жакшы бааларын берди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн