Бугу 22, 2025
Убакыт: 22:15
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү

13.02.2023 15:14
458
Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Кадамжайда милиция кызматкери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөттү. 


Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, Кадамжай РИИБдин Жаникул Садиров атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кыргыз-Кыштак айыл аймагына караштуу Ташыбек Тургунов атындагы орто мектебинде окушкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмесин такташкан. Анын негизинде милициянын улук лейтенанты Тажидин Сатыбалдиев аз камсыз болгон үй-бүлөгө өз ыктыяры менен жардам берүүнү чечип, өз каражатына азык-түлүк алып, жеткирип берген.  


Жардам берилген үй-бүлөдөгү үй ээси менен үй кожейкеси эч жерде иштешпейт. Анткени үй ээси ден-соолугуна байланыштуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Анын жубайы болсо, 3 баланы багууда. 

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн