Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кадамжайда тургундарды Англияга ишке жөнөтөм деп 66,8 миң долларга алдап кеткен аял кармалды

07.05.2024 11:19
50
Кадамжайда тургундарды Англияга ишке жөнөтөм деп 66,8 миң долларга алдап кеткен аял кармалды


Кадамжайда тургундарды Англияга ишке жөнөтөм деп 66,8 миң долларга алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Милицияга 1983-жылы туулган С.Ы. кайрылып, чет өлкөгө жакшы маяналуу ишке жөнөтүү шылтоосу менен анын жана башка адамдардын ишенимине кирип, материалдык чыгымга учураткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Тактап айтканда, шектүү Т.Ч. Жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишиден "виза ачып беремин" деп ар биринен 1400 доллардан акчасын алгандан кийин жашырып кеткен. Жабырлануучулар жогорудагы алдамчылык аракеттен болжол менен 66 миң 800 доллар миатериалдык чыгымга учурашкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү 3-май күнү "Ак-Жол" өткөрмө посту аркылуу Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалган. Ал Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул шектүү жарандын мыйзамсыз аракетинен жабыр атркан жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн