Кадамжайда жол кырсыгынан 49 жаштагы аял жана төрт айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу райондук ооруканадан билдиришти.
Мындан тышкары, окуядан жети адам жабыркаган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени белгиленди.
ЖКККББдан билдиришкендей, кырсык 7-январь күнү саат 20:00дө болгон. Ош — Баткен — Раззаков жолунда Hyundai Sonata жана Volkswagen Golf III унаалары сүзүшкөн.
Факт катталып, тергөө жүрүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн