Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борборунда кезек күткөндөр толуп кетти. Бул тууралуу Баткен Деми баракчасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 11:00 дө эле кезек күткөндөрдүн саны 62ге жеткен.
Алардын саны болсо улам көбөйүүдө, кечке чейин 100 дөн ашып кетиши мүмкүн. Ооруканага келгендер күтүп деле, кире албай кала турганын кезек күткөн Сыймык Шамшиев айтты.
Айтсак, Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борбору өз нугунда иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн