Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кадамжайдын жашоочулары Оштогу медиктерге жарым тонна малинанын кыямын жөнөтүштү

04.08.2020 09:23
968
Кадамжайдын жашоочулары Оштогу медиктерге жарым тонна малинанын кыямын жөнөтүштү


Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү.


Республикалык штабдын маалыматына караганда, бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.


Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургундары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медициналык кызматкерлерге берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, - деп билдирди “Кадамжай” жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.


Анын айтымында, Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүлөт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн