Азыркы күндө айрым коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаал жараткан фактыларга айланып баратат. Бул тууралуу коомдук ишмер Кадыр Кошалиев бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
“Бейөкмөт уюмдар эмне үчүн ачык-айкын отчёт берүүдөн качышат? Финансылык жактан ачык болгону өздөрү үчүн да, коомчулук үчүн да, мамлекет үчүн да жакшы. Азыркы мыйзамдын кабыл алынышы талапка ылайык. Бизде Конституция кабыл алынганда, айрым чоң мыйзамдарды кабылууда чоң каражаттар алынганы айтылган. Мисалы, Кылмыш кодекси млн еврого жазылганын укканбыз. Конституцияны жазып жатканда миллиондогон евролор келгендиги боюнча маалымат бар. Мамлекеттин өзөгүн, келечегин түзгөн мыйзамдарды кабыл алууда чет жактан миллиондорду алуу туура эмес. Мындай улуу ыйык иштерди кыргыз эли өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өзү жасашы керек, деп ойлойм. Жогорку Кеңеш ушул талаптарды киргизет, деген үмүтүм бар”, - деди Кошалиев.
Ошондой эле, ал кээ бир бейөкмөт уюмдардын жакшы да жагын
айтуу керектигин билдирди. “Кыргызстандын саясий, социалдык жана маданий
жаатында дагы соопчулук жакшы иштерди жасап жаткан фактылар дагы бар. 60 миңге
жакын үй-бүлөгө ушул сектордон ырыскы буйруган учурларды кезиктирип жатабыз”, -
деп кошумчалады Кошалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн