Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов зарылчылк болсо "Sputnik V" вакцинасын алат. Мындай пикирин ал "Вести.кг" агенттигине билдирген.
"Эгер зарылчылык болуп калса, Россиянын "Sputnik V" вакцинасын алар элем. Анткени анын азыркы убакка чейин терс таасири байкалган жок. Мындан сырткары, Россиянын дин башкармасы вакцинанын курамында мусулмандарга туура келбеген заттын жоктугун далилдеди.
Биздин элден да вакцинанын курамын изилдөө боюнча сунуш түшсө, атайын комиссия түзүлүп, аны изилдейт",- деди муфтийдин орун басары.
Пикирлер (1)