Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча билдирүү жасады

26.04.2021 10:06
876
Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү боюнча билдирүү жасады

Тамашоучу, тамады Кадыр Жарматов жубайынын каза болушу тууралуу кайрылуу постун Инстаграм социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту Каныкейим неге бул ишке бардың экен? 4 жөжөмдү, мени кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз? Бүгүн аза күтүп олтуруп 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп аябай кыйналганымды сездиң бекен?  Кыздарым апам качан келет деп сурап жатат! Эмне деп жооп берем? Кичинекейим менден башка эч кимге көнбөй түндөсү "апа" деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээриңе зар болуп жатат! Неге ушуларды ойлободуң? Эх, бир канатым сынды. Кайрылды мүдүрүлдүм, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду биз кыйналдык!  Жүрөктөгү күйүтүм калды. Кышында молдого барып, жол жобосун кылганда жакшы болуп калдым дедиң элегоо. Неге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары.  Сени өмүр бою унутпайбыз биз үчүн сен тирүүсүң! Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойткону аракет кылам апасы! Аллах өмүр берсе, күч-кубат берсе адам кылып чоңойтом берекем! Аллахтан жалбарып сурайм бейиштен көрүшөлү.  Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем! Бизди күтүп жакшы жат менин түбөлүктүү сүйүүм! 

Жүрөгүм ооруп жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип билбей мага менин үй-бүлөмө туура эмес көз карагандар, Аллахтын каарынан корккула!  Биз  акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен Аллахтын берген мээнети менен бул дүйнө менен кош айтышты!  Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөн гана түшүнөт. Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби?Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем...

Эркектер аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо, жашоо эмес экен! Кош менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Бул сүрөт акыркы түшкөн сүрөтүбүз экен! Маалыматты тараткандар, жубайымдын өлүмүн хайп кылгандар, балдарымдын убалынан корккула, коомго терс таасир берет өчүргүлө. Балдарым эртең чоңоюп көрүп калбасын. Ошону суранат элем! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем! Үй-бүлөмдүн сүрөттөрүн кыш мезгилинде өчүргөм көз тиет деп...",- деп жазылат Жарматовдун билдирүүсүндө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гүлвара Насирдиновна Абдыкадырова
Аялыңыздын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Аллахым бейиштен орун берсин!Аллахтын буйругусуз жалбырак дагы жерге түшпөйт.Балдарыңызга узун өмүр,ден соолук,сизге сабыр берсин.