Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

17.04.2023 10:05
2463
Кадыр түндү кантип тосуу керек?





 СУРОО: КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАДАН БАШТАП ТОСУП БАШТОО КЕРЕК?


ЖООП:

Кадыр түндү күн баткандан баштап, тагыраак айтканда ооз ачып шам намазы окулгандан баштап багымдатка чейин тосуу керек. Ошондо ооз ачкандан ооз жапканга чейин тосулат.


СУРОО: КАДЫР ТҮНДӨ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ КЫЛУУ ЖАКШЫРААК? АЛАРДЫ КАНТИП АТКАРУУ КЕРЕК?


ЖООП:

Кадыр түндө жалпы эле ибадаттарды кылууга уруксат. Бирок төрт ибадатка айрыкча көңүл буруу зарыл: 

1) Намаз окуу 

2) Куран окуу 

3) Зикир кылуу

4) Дуба кылуу 

Ушул төрт ибадатты алмак-салмак кылыңыз. Мисалы, намаз окуңуз, анан чарчаган болсоңуз, Куран окуңуз. Эгерде уйкуңуз келип баратса, эшикке чыгып уйкуңузду ачып сергип келиңиз, кийин туруп кайра намаз окуңуз, андан соң отуруп зикир чалыңыз, намаздардын араларында дуба кылыңыз ж.б. Ар бир убакытты ушул ибадаттардын бири менен өткөрүңүз.


СУРОО: МИСАЛЫ, КАЙСЫ НАМАЗДАРДЫ ОКУЙБУЗ? КАНДАЙ НИЕТ КЫЛАБЫЗ?


ЖООП:

Кадыр түн үчүн атайын белгиленген намаз жок. Адатта орозодо окулган намаздарды окуй бересиз, мисалы таравих намазы окулат, түнкү тахажуд намазы окулат, жалпы эле нафил намаз окуса болот. Мисалы, куптанды окуңуз, андан соң таравих намазын окуңуз. Андан кийин эки-эки рекеттен тахажуд намазын окуңуз. Тахажуд намазы кадимки эле эки рекет намаздай окулат, бир гана айырмасы, ниет кылганда тахажуд намазы деп кыласыз. Канча кааласаңыз ошончо окуй бересиз. 


СУРОО: КУРАН ОКУГАНДА АРАБЧАДАН ОКУУ КЕРЕКПИ? ЖЕ КОТОРМОСУН ДА ОКУСА БОЛОБУ?


ЖООП:

Ооба, эң жакшысы арабча Куранды окуганы. Анткени хадистерде Курандын окулган ар бир тамсына ондон сооп берилет деп жазылган. Эгерде арабча окуганды билбесеңиз, анда Курандын кыргызча котормосун окуңуз же болбосо Курандан жаттаган сүрөөлөрдү оозеки окусаңыз да болот. 


СУРОО: ЗИКИР ЧАЛГАНДА КАЙСЫ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТУУ ЖАКШЫ?


ЖООП:

Кадыр түндө айтылган зикирлердин эң жакшысы – “Аллахумма иннака аъфуввун, тухиббуль-аъфва, фаъфу аъннии” (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечире көр!)”. 

Ошондой эле төмөнкү зикирлерди да айтсаңыз болот:

1) Лаа илааха иллаллах (Мааниси: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок»)

2) Субхааналлах (Мааниси: «Аллах айып-кемчиликтерден Аруу»)

3) Альхамдулиллах (Мааниси: «Аллахка шүгүр; Аллахка мактоо болсун»)

4) Аллаху акбар (Мааниси: «Аллах улук»)

5) Субхааналлахи уа бихамдихи*(Мааниси: «Аллах аруу жана Ага мактоолор болсун»)

6) Субхааналлахи уаль-хамдулиллаахи уа лаа илааха иллаллах уаллааху акбар (Мааниси: «Аллах аруу, Ага мактоо болсун, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах улук»)

7) Астагфируллах (Мааниси: «Аллахтан кечирим сурайм»)

8) Астагфируллаха уа атуубу иляйхи (Мааниси: «Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тообо кылам»)

7) Лаа илааха илла анта, субхаанака, иннии кунту миназ-зоолимиин (Мааниси: «Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң! Чындыгында мен өзүмө зыян кылуучулардан болдум»)

Бул зикирлерди айтууда чектебестен эле канча кааласаңыз айта бериңиз. Ар бирин жүздөн айтыңыз же миңден айтыңыз, кыскасы эч кандай чектөө жок. Канчалык көп айтсаңыз ошончолук жакшы. Ошондой эле зикирди айтардан алдын сөзсүз түрдө анын маанисин да окуп алыңыз. Айтып жатканда Аллахтын улуктугун жүрөгүңүз менен сезип, чын ыкластан жан дилиңизден айтыңыз. Зикирди тил менен эле кайталай бербестен, андагы камтылган маанини жүрөк менен туюп айтуу зарыл. Мына ошондо зикир толук болуп эсептелет.



СУРОО: ДУБА КЫЛГАНДА КАНДАЙ ДУБАЛАРДЫ КЫЛУУ ЗАРЫЛ?


ЖООП:

Дуба кылганда жалпы эле дубаларды кыла бересиз, Куран-сүннөттө келген дубаларды айтсаңыз абзел. Билбесеңиз, анда жакшылыкты камтыган жалпы эле дубаларды айтсаңыз болот. Мисалы: «Оо, Аллах! Мени туура жолго сал, мага хидаят бер, күнөөлөрүмдү кечир, тооболорумду кабыл кыл, бактылуу, ырыстуу пенделериңден кыл, акыретте бейишке кирүүнү насып кыл, акыйкат жолдон адаштырба, ыйманымдан айрыба, ден-соолукта кыл, ийгилик бер ж.б.» маанидеги дубаларды айтсаңыз болот. 


❗Анан дуба кылардан алдын сөзсүз дубанын адептерине көңүл буруу зарыл.


Дуба кылардан алдын алгач Аллахка мактоолорду айтып, Аны улуктап баштаңыз, андан соң пайгамбарыбызга салават айтыңыз, андан соң дуба кылыңыз, тилектериңизди сураңыз, анан акырында салават айтып бүтүрүңүз. Кимде-ким ушундай кылса, анда анын дубасы кабыл болот, иншаАллах.


СУРОО: КАДЫР ТҮН ТОСУУДА ЭМНЕЛЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ КЕРЕК?


ЖООП:

Кадыр түндө ибадаттан алаксыткан, күнөө болгон бардык иштерден алыс болуу зарыл. Мисалы, телевизор көрүү, кино көрүү, сотка чукулоо, интернетке алаксуу, ушакташуу, адамдар менен чогулуп дасторкон жайып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп олтуруу ж.б. Кээ бир адамдар ойлошот, Кадыр түндө уктабасаң эле тоскон болосуң деп. Бул туура эмес. Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөрүү керек. Себеби бул түн жыл ичиндеги эң ыйык түн. Ким ушул түндү ибадат кылуу менен өткөрсө, анда анын кылган ибадаттары миң ай ибадат кылганга барабар болот. Ошондуктан бул түндүн ар бир мүнөтүн ибадат менен гана өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.


Булак: “Берекелүү Рамазан айы китебинен”



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн