Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

08.05.2021 22:55
1329
Кадыр түндү кантип тосуу керек?


Быйыл Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү болот. Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталды. Кадыр түн деген эмне жана аны кантип тосуу керектигин айтып беребиз.


1. Кадыр түн деген эмне?

Кадыр түн - бул кыргызча аталышы. Ал эми араб тилинде Ляйлятуль-Кадр же Аль-Кадр дейт. Мына дал ушул Кадыр түндө Жебрейил периште Мухаммед пайгамбарга түшүп, Куранды берген. Бул Орозо айынын акыркы он түнүнүн бири болчу деп айтылат.


2. Кадыр түн качан келет?

Куранда Кадыр тун Орозо айында орозонун акыркы он түнүнүн биринде болот деп айтылган, бирок так күнү айтылган эмес. Айрым окумуштуулар орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү Кадыр түнгө жакын деп эсептешкен. Ыйык жазмада 21, 23, 25, 27 жана 29 сыяктуу сандар айтылган. Мусулмандар ушул түндөрдү ыйык айдын эң маанилүү түнүн табуу үчүн тиленүү менен өткөрүшөт. Кадыр түн күн баткандан кийин дароо келип, багымдат менен, башкача айтканда, таңкы намаздын убактысынын башталышы менен аяктайт.


3. Кадыр түндү кандай белгилери менен айырмалоого болот?

Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде бул түн өзгөчө тынч экени, бул түнү ыймандуулар жылдын башка мезгилдеринде сезе албаган ушунчалык тынчтануу жана ажайып сезимди сезишет деп айтылат. Кадыр түндө бак-дарактар да ​​толугу менен жерге ийилет жана муну руханий деңгээли жогору адам гана көрө алат деп айтылат.


    - Түнкү температура орточо болот (бул түн суук да, ысык да болбойт);

    - Жарык ай;

    - Жылдыздар такыр учпайт;

    - Жарым табакка окшогон айдын көрүнүшү.


4. Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Кадыр түн башталганга чейин даарат (гусул) алуу, ошондой эле башты, жан-дүйнөнү жана жүрөктү терс ойлордон арылтуу зарыл. Бул түнү жасалган күнөөлөрдүн кечирилишин сурап, тообо кылуу жана көп дуба кылуу керек, анткени ушул түнү адамда жыл ичинде кийинки Кадыр түнүнө чейин болгон бардык нерселер жазылат деп эсептешет.


5. Кадыр түндө эмне кылбаш керек?


    - Алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт;

    - Ушак айтып, куру сөз менен алектенбеш керек;

    - Бул түнү уктабоо зарыл;

    - Бирөөнү сөгүп, сөгүнүп сүйлөөш керек. Ушул түнү бирөө жөнүндө жаман сөз айтууга болбойт.

    - Тасмаларды жана көңүл ачуучу программаларды көрүүгө болбойт.


6. Кадыр түндү кайсы жерде өткөрүү керек?

Бул түндү көңүл ачуучу жайларда өткөрүүгө болбойт. Кадыр түн үйдө же мечитте өткөрүлөт. Түндү жалгыз же жамаат менен өткөрсөңүз болот.


Бул түнү окулбай калган намаздар, куран окулуп, өткөрүлгөн күндөрдүн жана айлардын каталары талданат, мурунку таарынычтар кечирилет, келечекке пландар түзүлөт.


Редакциядан: Макала Kaktus.media сайтынан кыргызчаланды

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Феруза
Аллах ыраазы болсун! Абдан пайдалуу маалымат экен.✨😇