Чечен Республикасыны башчысы COVID-19 пандемиясынан улам колуктуларынын калыңын төлөөдө каржылык кыйынчылыкка кабылган 207 күйөө балага Ахмат-Ажы Кадыровдун фондунан каражат бөлүп берди. Бул тууралуу аймактагы мусулмандардын Дин башкармалыгы маалымдагандыгын РИА “Новости” билдирди. Күйөө балдардын ар бирине нике кыйдыруу салтын аткаруу үчүн 50 миң рублдан акча берилет.
Чеченстанда апрель айына бери коронавируска
байланыштуу ислам салты менен нике кыйдырууга тыюу салынган эле. Тыюулар
25-майда алынды, бирок үйлөнүү тойлорун өткөрүүгө азырынча уруксат
эмес.Колуктуну алып кетиш үчүн эки автоунаа менен гана барууга болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн