Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кадр саясатындагы алешемдиктер бут алдынан казылган ор болбойбу?

10.02.2021 10:32
530
Кадр саясатындагы алешемдиктер бут алдынан казылган ор болбойбу?

Акыркы убактардагы кадрдык дайындоолор чалагайымдыгы менен элдин шаабайын суутуп турат. Бир жагынан алганда мындай кадр саясатын атайылап эле жаңы ишине киришкен президенттин ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүү үчүн кимдир-бирөөлөр уюштуруп жаткандай таасир калтырууда.


Адегенде эле өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун келиши көпчүлүккө көп жага бербеди. Өлкө экономикасы оор абалда турганда чечкиндүү кадамдарды жасай ала турган мыкты менеджер, реформатор кадрдын премьер-министрлик кызматка келишин көпчүлүк күтүп жаткан. Бирок, эмнегедир башын өйдө көтөрүп сүйлөй албаган, өз алдынча чечим кабыл алуу жөндөмү жок Марипов премьер-министр болуп калды. Анан анын биринчи буйруктарынын бири Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаевди өз арызы менен кызматтан алып, ордуна Эрмек Нургазиев аттуу курулуш тармагындагы ишкерди дайындаганы болду. 9-февралда түшкө чейин мэрлик кызматка дайындалган Нургазиев түштөн кийин кайра кызматынан кол жууду. Анын жарым күнгө жетпей кызматтан алынышы боюнча президент Садыр Жапаров өзүнүн «Инстаграммдагы» баракчасына мындай деп жазды: «Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес».


Ал эми Э. Нургазиев өзү бул кызматка барардын алдында С. Жапаров менен эки ирет жолугушканын билдирген болчу. Демек, анын талапкерлигин кароодо жакшы эле убакыт болгон. Анан анын кандай кадр экенин, эмне менен алектенип келгенин жакшылап териштирип, иликтебей эле мэрлик кызматка дайындап коюшкан деп айтууга болобу? Же адегенде кызматка дайындап, анан социалдык түйүндөрдөгү реакция кандай болорун күтүп көрөлү дештиби? Эгерде кадр тандоо саясаты ушундай нукта жүргүзүлүп жаткан болсо, анда өтө эле кейиштүү абалда экенбиз.


Евразиялык интеграция жана инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн экономикалык маселелери боюнча президенттин кеңешчиси кызматына Андрей Акимов аттуу жаран да бир нече күн иштеп калды. Анан анын 2005-жылы наркотикалык зат алып баратып казакстандык чек арачылар тарабынан кармалганы, соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлктөрү конфискацияланганы маалымат каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айтылып чыкты. Ошондон кийин аны да кайра кызматтан алышты. Акимовду бул кызматка дайындаганга чейин анын мурда соттолгонун, болгондо да наркотикалык зат алып баратып кармалганын сунуштап жаткан адамдар билишкен эмес беле?


Эми болсо Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына Бакыт Аманбаевди, ал эми 2008-жылы Кыргызстандан качып кетип, аты-жөнүн өзгөртүп алган (Гульнара-Клара Самат деп) БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованы Россия Федерациясына элчилик кызматка жөнөткөнү жатышканы айтылууда. Азыртадан эле бул кадрлардын элчилик кызматтарга барышына нааразычылыгын билдиргендер арбын. Эмне үчүн элчилик кызматка дипломатиялык билими бар татыктуу кадрлар дайындалбайт? Же эмне андай кадрлар бизде таптакыр жок бекен?


Айтор, президенттин жанында ким кадр саясатын жүргүзүп жатса дагы, ал же тажрыйбасыздыгынан же атайылап Садыр Жапаровдун бут алдынан ор казып жаткан сыяктуу. Эл үчүн, мамлекет үчүн татыктуу иштеп бере турган кадрлар көп. Болгону аларды көрө билген көз жок болуп жатат. Айланып-тегеренип эле өздөрүнө жакын, мамилелери бар, айткандарын эки кылбай турган жакын санаалаштарынан башкаларды көрбөй жатышат. Андыктан Садыр Нургожоевич өзүнө кадр сунуштоочу айланасындагы адамдарды да бир электен өткөрүп алганы дурус болуп турат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн